Көк бөрү чыры: «Чагымчылдык аракеттерди жасагандар жоопкерчиликке тартылат»

Автор

Чагымчылдык аракеттерди жасагандар аныкталып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 32 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча финалдык беттештин аяктар алдында оюндун жыйынтыгына көрүүчүлөр тарабынан нааразычылыктар айтылып, жыйынтыгында көрүүчүлөр массалык түрдө коомдук тартип бузушкан. Бул окуя ички иштер органдарында катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.
«Териштирүү иштери ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө жана коомдук тартипти бузуп, чагымчылдык аракеттерди жасагандар аныкталып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.
Акыркы күндөрү социалдык тармактарда региондор аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланууда. Ички иштер министрлиги чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. ИИМ жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат.
Ички иштер министрлиги региондор аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет. Мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт», — деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Россияга учкучсуз түзүмдөрдүн чабуулу уланууда

Кечээ кечинде жана 1-сентябрь, жума күнү эртең менен Россиянын бир катар аймактарына учкучсуз учактар ​​чабуул жасады.  Москванын мэри Сергей Собянин борборго учкучсуз учуучу аппараттын жаңы аракети болгонун билдирди. Анын айтымында, абадан коргонуу күчтөрү Украинанын учкучсуз учагын Люберцы шаарына жакын жерде атып түшүрүшкөн.  «Алдын ала жабыркагандар жана кыйроолор жок»,-деген  шаар башчысы  […]

Сизге жагышы мүмкүн