Көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө кубогу өтөт

Автор

Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу КР Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев билдирди.

«Спорттук иш-чара үч форматта өтүп, ага сегиз мамлекеттен 12 клубдар катышат. Биринчи форматта Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку лигасында ойногон төрттөн сегиз клубу катышат. Анда Кыргызстандан «Сары-Өзөн», «Достук», «Ынтымак», «Мурас» клубдары ойнойт. Бул турнирдин максаты кыргыз-казак достугун чыңдоо болуп саналат», — деди ал.

Бегалиев белгилегендей, экинчи форматта Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Венгрия, Монголия, Россия жана АКШдан жалпы 12 клуб ат салышат.

Кошумчалангандай, турнирдин байге фонду 5 млн сомдон жогору, учурда демөөчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Иманалиев алыскы Тогуз-Торо районундагы билим берүү уюмдарынын абалы менен таанышууда

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Жалал-Абад облусунун алыскы аймагы Тогуз-Торо районундагы мектеп, бала бакчалардын абалы менен таанышып жүрөт. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, министр быйыл салынып бүтө турган 100 мектептин тизмесине кирген Тогуз-Торо районундагы Чет-Булак айылындагы М. Абдыжапаров атындагы орто мектептин курулуш иштерин жеринде көрдү. […]

Сизге жагышы мүмкүн