Күйүүчү-майлоочу майдын баасы кымбаттады

Автор

Кыргызстанда апрель айынын башына карата күйүүчү-майлоо майдын орточо баасы бир аз көтөрүлдү. Бул тууралуу КР Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда АИ-95 маркасындагы күйүүчү-майдын литри – 71,48 сомдон сатылууда, март айында 70,19 сом болгон. Ал эми АИ-92 – 64,64 сомдон сатылып жатат, бензиндин бул түрү март айында — 63,25 сомдон сатылган.
Учурда АИ-80дин орточо баасы – 58,35 сомдон болсо, мартта 58,34 сомдон болчу. Ал эми дизель майынын литри учурда 72,52 сом болсо, март айында 71,52 сом дон сатылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Мамлекеттүлүктүн түзүлүшү эмес, жаңы доордо, жаңы формада калыбына келиши

Быйыл Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы. Президентибиз С.Н. Жапаров ушул маанилүү тарыхый датаны – “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Ушул тарыхый окуяга байланыштуу эки аныктаманы тактап алуу абзел жана ар кандай форумдарда сөз кылганда, айрыкча окуучуларга менен студенттерге сабак өтүүдө эске алуу туура […]

Сизге жагышы мүмкүн