Кытай, АКШ, Европа Россиядагы кырдаалды өлкөнүн ички маселеси деп атады

Автор

Кытай Россиядагы Вагнер компаниясы менен түзүлгөн кырдаалды өлкөнүн ички маселеси деп эсептейт жана аны стабилдүүлүктү камсыз кылууда колдоорун Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Евгений Пригожин менен болгон окуяларга карата Пекиндин позициясы тууралуу суроого жооп берип жатып.
«Кытай Россияны улуттук стабилдүүлүктү камсыз кылууда, өнүгүү менен гүлдөп-өнүгүүдө колдойт”,-деди министр.
Окуяларды ЕБ жана АКШ да Россиянын ички көйгөйү деп да аташкан.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен айткандай, президент Жо Байден Путин менен байланышууга аракет кылган жок, бирок АКШ администрациясынын айрым мүчөлөрү россиялык кесиптештери менен байланышта болушту. Акыркы окуялар орус бийликтерине коркунуч туудурабы деген суроого Блинкен «Биринчиден, бул Россиянын ички иши»,-деп баса белгиледи.
Путин Түркиянын президенттери Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Беларусь президенти Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөштү. Лукашенко кырдаалды жөнгө салууда негизги ролду ойноду.

Бөлүшүү:
Next Post

Асман шаарынын курулушуна капсула салынат

«Асман» шаары 700 миң жашоочуга ылайыкталып курулат.  Ал эми 30-июнь күнү Президент Асман шаарынын курулушуна капсула салат. Ага министрлер, депутаттар жана расмий кызматтын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө. Асман шаарын дүйнөлүк компаниялар курат, Кыргызстандан бир дагы сом коробой тургандыгын президент Садыр Жапаров билдирген. Учурда шаарда  500 миңден 700 миңге чейин адам жашай […]

Сизге жагышы мүмкүн