Кытайдын министри АКШнын мамлекеттик катчысын кабыл алды

Автор

Кытайдын тышкы иштер министри Цин Ганг 18-июнда Пекинде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенди кабыл алды.
АКШнын мамлекеттик катчысы жекшембиде Пекинде эки күндүк дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү баштады. Дүйшөмбүдө Цинь менен кошумча сүйлөшүүлөр, ошондой эле Кытайдын  Борбордук комитетинин тышкы иштер боюнча комиссиясынын кеңсесинин башчысы Ван И менен, балким, төрага Си Цзиньпин менен жолугушуу болот.
Блинкен президент Жо Байден кызматка киришкенден бери Кытайга барган эң жогорку деңгээлдеги америкалык аткаминер.
Байден менен Си өткөн жылы жолугушкандан кийин жарыялаган Блинкен сапары алгач февралга пландаштырылган.  Бирок ал АКШдан  кытайлык тыңчы шар табылгандан кийин кечиктирилип, ал кезде Блинкен “сапардын максатына шек келтирген шарттарды түздү” деп айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Туристтер үчүн  эскертме буклеттер даярдалды

Кыргызстанга келген туристтер үчүн 20 миң даана эскертме буклеттери даярдалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, буклеттер туристтик мезгил учурунда чет өлкөдөн келген коноктордун коопсуздугун толук кандуу камсыздоо максатында даярдалды. Буклеттер «Манас» эл аралык аэропорту, аймактардагы авто бекеттер жана чек аралар чектешкен […]

Сизге жагышы мүмкүн