Кыргызстан $3 млн кайтарымсыз жардамга 120 тез жардам унаасын сатып алат

Автор

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга жардам иретинде грант бөлмөк болду. Ага тез жардам унаалары сатып алынат. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги таратты.
Кечээ, 15-февралда министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков жолугушкан. Москва шаарында өткөн жолугушуу учурунда
120 тез жардам унаасын сатып алууга 3 миллион доллар өлчөмүндөгү каражатка макулдашышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Жеке космостук аппарат Айга сапар алды

Intuitive Machines компаниясынын Ай модулу Жердин спутнигинин бетине конгон жарым кылымдан кийин биринчи америкалык космостук кеме болуп калат. Түзүм бейшемби күнү НАСАнын Канаверал тумшугунда жайгашкан Кеннеди космостук борборунан көтөрүлдү. Одиссей деп аталган Nova-C конуучу аппараты жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:00дөн кийин Илон Масктын SpaceX компаниясы тарабынан жасалган Falcon 9 ракетасында […]

Сизге жагышы мүмкүн