“Крокустагы” терактыда эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок

Автор

Москвадагы терактыда эки кыргызстандык жабыркады деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
“Аткарылган иштердин жыйынтыгында жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесиндеги Кыргызстандын эки жараны тууралуу маалымат такталган жок”, — деп айтылат маалыматта.
Министрлик менен Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилиги каргашалуу окуяда жабыркагандар тууралуу маалыматты тактоо иштерин улантууда.
Белгилей кетсек, 22-мартта Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” концерттик залында куралдуу кол салуу болгон. Анда “Пикник” тобунун концертинин алдында белгисиз бирөөлөр автоматтан ок чыгарган.
Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) маалыматына караганда, каргашалуу окуядан 40 адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Москвадагы терактка байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жолдоду. “Жеке өзүмдүн атымдан жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан 22-мартта “Крокус сити холлдо” көп сандаган адам өлүмү менен коштолгон ок атуунун натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана чын жүрөктөн кайрат сөздөрүбүздү жеткирүүнү […]

Сизге жагышы мүмкүн