Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосуда эки макулдашууга кол коюлду

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хассан Накви баштаган Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолукту.
Жолугушууда тараптар энергетика жана суу ресурстары тармагындагы кызматташтыкты жогорулатуу, ошондой эле Дүйнөлүк банк тобунун Аткаруучу директорлорунун Кыргыз Республикасына боло турган сапары тууралуу кенен талкуу жүргүздү.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банк тобунун ортосунда “Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк тобунун өкүлчүлүктөрүн түзүү жана ишмердүүлүгү” жана “Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү долбоорун каржылоонун – 1-фазасы” жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлду.
Жогорудагы макулдашуулардын жыйынтыгы эки тараптуу кызматташуунун мындан ары дагы тереңдешине жана бекемделишине түрткү берет.
Белгилей кетсек, энергетика тармагында Дүйнөлүк банк тарабынан колдоолор болуп келген, маселен Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча долбоорду каржылоого макулдук берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Австралияны коркуткан парашютчу

Австралиялык парашютчу Феликс Баумгартнер 39 миң метр бийиктиктен секирди. Мындан улам ал дүйнө жүзүндө алгачкы жолу эң бийиктен секирген парашютчу болуп калды. Анын аба мейкиндигиндеги ылдамдыгы бир саатта 174 километрди түзүп, үн ылдамдыгын ашканы маалымдалды. Ал 39 миң метрге 2 саат 21 мүнөттө чыккан. Ал эми жерге 10 мүнөттүн ичинде […]

Сизге жагышы мүмкүн