Каныбек Иманалиев: Үч университетте медициналык факультет ачылат

Автор

Нарын, Ысык-Көл жана Баткен мамлекеттик университеттеринде медициналык факультет ачылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин  бүгүн, 24-майдагы жыйынында билдирди.

«Ак-Талаада эле 24 дарыгер жетишпейт экен. Бишкекке келип окуган дарыгер кайра айылына барбайт экен. Эки айдын ичинде бардык шартын, окуу программасын, мугалимдерди даярдап, 1-сентябрга карата 200-300 студентке чейин кабыл алыш керек. Ошолор эле окуу жайдын бюджетин 30-60 миллион сомго көбөйтө алат», — деди министр.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин "Бизде азырынча жок, бирок, биз ага жетебиз"

Келечекте Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдө 0,7 нанометрдик чиптер чыгарылат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынында Россиянын президенти Владимир Путин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы Александр Лукашенконун Евразиялык жогорку технологиялар тармагындагы кызматташуунун келечеги тууралуу сөзүнө жооп берип жатып Путин “Бизде азырынча жок, бирок биз ага жетебиз”,- деди.   Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн