Кыргызстан Алишер Касимовдун укуктарын коргобойт

Автор

“Крокус” террактын уюштуруучулары катары кармалган 8-киши түбү Кыргызстандык Алишер Касимов 2014-жылы Кыргыз жарандыгынан баш тарткан. Мындан улам Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.
Анда мындай деп айтылат:
“Алишер Касимов 2014-жылы Кыргызстандын жарандыгынан чыккан. Ушуга байланыштуу бул жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселеси Кыргызстандын Россиянын аймагындагы дипломатиялык жана консулдук мекемелеринин компетенциясына кирбейт”.
Алишер Касимов Басман райондук сотуна алынып келингенде анын Ош шаарында туулгандыгы жана Орусиянын атуулдугун алып, Красногорск шаарында кафе иштетээри айтылган. Ал кол салган террорчулардын бири Фаридун Шамсуддинге батирин бергендиги аныкталган.
Москванын Басман райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 22-майга чейин камакта калтырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 26-мартта саат 21:43тө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн