Израил 700 палестиналыкты бошотууга макул болду

Автор

Израил АКШнын 700гө жакын палестиналык туткунду ХАМАСтын 40 туткунунун ордуна бошотуу сунушуна макул болду.
Тараптар ХАМАС кыймылынын жообун күтүп жатышат.
Бул сунуш ЦРУнун директору Уильям Бернс тарабынан демилгеленген.
Израилдин Газа тилкесинин түндүк бөлүгүнө карапайым калкты кайтаруу боюнча АКШнын сунуштарын талкуулоого даяр экени айтылууда.
Биринчи этапта барымтадагы израилдиктерди бошотуу башталгандан кийин 2 миңден ашуун палестиналык анклавдын түндүгүнө кайтып келе алат.
Израил анклавтын түндүгүнөн качкан 1,3 миллиондон ашык палестиналык башпаанек алып жаткан Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында масштабдуу операция өткөрүүгө камданып жатат.
Израил менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал 2023-жылдын 7-октябрында башталган. Андан бери Израил аскерий операциясын жүргүзүүдө. Жаңжалда 32 миңдей палестиналык набыт болуп, 74 миңге жакыны жарадар болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте соода борборунда өрт чыкты

Бишкекте Чүй көчөсүндө жайгашкан “Эне өргөөсү” соода борборунан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Өрттү өчүрүүгө төрт бөлүм жана штаб тартылган. Ошондой эле жеринде Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу дрон менен иш алып барууда. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн