Кыргызстандык боксчулар Эл аралык мелдеште эки медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөлөрү Белградда өткөн  “Belgrad Winner 60” эл аралык мелдешинде эки медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 48 кг салмак категориясында катышкан Анвар Ходжиев финалдык беттеште россиялык Адам Алиевди жеңип, күмүш медалга ээ болду. Ал эми 86 кг салмак категориясында катышкан Эркин Адылбек уулу үчүнчү орунду камсыз кылды.

Аталган мелдеште Мукаш Ырысалиев мыкты калыс деп табылды.

Белгилей кетсек, мелдеш 28-март күнү башталып, 3-апрелде жыйынтыкталды. Жалпы 25 өлкөдөн келген 133 мушкер катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Гүлчө дарыясына кичи ГЭС курулат

“Алай Гидро” компаниясы Алай районунун Гүлчө дарыясына кичи ГЭС курууну пландап жатат. Учурда демилгечи тарап  долбоордун техникалык экономикалык чыгымын эсептөө үчүн көз карандысыз эксперттерди издөөдө. ГЭС 9 мегаватты түзүп, жылдык электр энергиясын өндүрүү саатына 40 млн киловаттка чыгат. Долбоордун каражаты 5.2 млн долларды түзөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн