Кыргызстандык балбандар Сербияда өткөн мелдеште 6 медаль утту

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын алты мүчөсү Младеновац шаарында (Сербия) өткөн Любомир Иванович Гедза атындагы Эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Раззак Бейшекеев (67 кг) алтын медаль тагынды.

Бексултан Махмудов (97 кг) күмүш, ал эми Үзүр Жусупбеков (97 кг) менен Амантур Исмаилов (67 кг) өз салмагында коло медалдын ээси болушту.

Эскерте кетсек, Любомир Иванович Гедза атындагы Эл аралык мелдеш  жума соңунда  жыйынтыкталды. Ага Кыргызстандын атынан жалпы 8 спортчу катышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Жиддада Украина боюнча альтернативдүү план сунушталды

Жиддадагы сүйлөшүүлөрдө Украинадагы жаңжалды чечүүнүн альтернативдүү планы каралды. Бул планды Сауд Арабиясынын бийликтери жана бир катар башка өлкөлөр сунуштаган. Альтернативалуу планда Украинанын бүтүндүгү, бардык фронттордо ок атышпоо, БУУнун көзөмөлү астында тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн башталышы жана туткундарды алмашуу каралган. Сүйлөшүүлөргө АКШ, Польша, Кытай, Индия, Улуу Британия жана Түштүк Африканын өкүлдөрү катышууда. Максаты […]

Сизге жагышы мүмкүн