Кыргызстанда үч жылда 189 мектеп курулду

Автор

Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстанда жалпы 189 мектеп курулуп, 43 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган билим уялары республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен каржылангандыгы айтылат.
Мындан сырткары, 4 мектепке кошумча имарат салынып, 9 мектепке кошумча спорт залдар курулду.
Ведомстводон 2021-2022-2023-жылдардагы мектептердин курулуш динамикасын сунушташты:
2021-жылы — 32 мектеп курулуп, 2 мектепке кошумча имарат салынып, 11 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Ал эми 6 мектепке кошумча спорт залдар курулган.
2022-жылы — 34 мектеп салынып, 1 мектепке кошумча имарат, 1 мектепке отказан, 1 мектепке ашкана жана жатакана курулуп, 2 мектепке кошумча спорт залдар салынган. Ошондой эле 13 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн.
2023-жылы — республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен 123 мектеп курулуп, 1 мектепке кошумча имарат салынды. Буга кошумча республикалык бюджеттен 19 мектепке капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлдү.
Министрликтен 2023-жылы эң көп мектеп пайдаланууга берилгендигин кошумчалашты.
Облустар боюнча жаңы салынган жана капиталдык оңдоодон өткөн мектептерди кошкондо :

Ош облусунда жана Ош шаарында – 34 мектеп,
Жалал-Абад облусунда – 35 мектеп,
Баткен облусунда – 21 мектеп,
Ысык-Көл облусунда – 17 мектеп,
Чүй облусунда – 18 мектеп,
Талас облусунда – 11 мектеп,
Нарын облусунда – 7 мектеп пайдаланууга берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Жакшы иш-аракеттер позитивдүү энергияны жаратат

Адам өз иш-аракетинде боорукердикти, жана адилеттүүлүктү көрсөтсө, бул адатта ага жашоодо жакшылык алып келет. Жакшы иш-аракеттер айланабыздагы адамдардын колдоосун жана жардамын тарта алат, ошондой эле айлана-чөйрөбүзгө тараган позитивдүү энергияны жаратат. Биримдик, жакшылыкка ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө ачык болуу – мунун баары позитивдүү окуяларды тартууга жана кызыктуу адамдар менен таанышууга жардам […]

Сизге жагышы мүмкүн