Адахан Мадумаровду сатып кетиштиби?

Автор

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров камактан бошогон күнү партиялаш депутаттарынын басып барбаганы коомчулукта бүдөмүк ойлорду жаратты. Мындан улам “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы чилдей тарап, ынтымагы ыдыраганы айтылса, бир жагынан депутаттар Исхак Масалиев менен Гуля Акматкулованын туруктуулугуна баа берип жатышат. Өткөн жумада бир радиого маек берген Адахан Мадумаров “биздин партиянын тизмеси менен келип алышып, бийликтин партиясынын тизмеси менен келгендерден да көп кошоматчылык кылгандар бар” -деп билдирген эле. Саясатчынын мындай билдирүүсү партиядагы тартиптин жана биримдиктин жоктугун далилдейби?

Бөлүшүү:
Next Post

6 аймактагы энергетикалык объектилерге сокку урулду

8-майга караган түнү массалык түрдө Украинанын энергетикалык инфраструктурасына чабуул болду. Полтава, Кировоград, Запорожье, Львов, Ивано-Франковск жана Винница областтарында электр энергиясын иштеп чыгаруу жана беруу объектилерине чабуул жасалды. Бул тууралуу энергетика министри Герман Галущенко билдирди. Анын айтымында, чабуулдун кесепеттери такталууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн