Кыргызстанда “Манас” эпосунун күнү өткөрүлөт

Автор

Кыргызстанда 4-декабрда  “Манас” эпосунун күнү өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат  жыйынында “Манас”  театрынын директору Азиз Биймурза уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаралар Улуттук илимдер академиясы, КР президентине караштуу “Мурас” фондусу жана Эл аралык Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен биргеликте уюштурулууда.

20-ноябрда

“Манас” эпосунун күнүн утурлай манас айтуу күндөрү башталып, “Манас” темасына арналган бир катар китептердин бет ачарлары, эпостогу философия, Манас баатырдын тарыхый каарман болгондогусу жана башкалар боюнча илимий-практикалык конференциялар өтөт.

21-ноябрда

Каракөл шаарында манас айтуу боюнча эл аралык сынак өтүп, ага Өзбекстан, Кытай, Түркия жана Казакстандан манасчылар катышат.

3-декабрда

“Манас” театрында республиканын аймагындагы 30 жашка чейинки 100гө жакын жаш манасчылар 12 саат бою манас айтышат.

4-декабрда

“Манас” эпосунун күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында  расмий башталып, андан кийин Жогорку Кеңеште уланып, кечинде А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында айтыш менен жыйынтыкталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек мэриясы коомдук транспортко контролерлорду жумушка чакырат

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы контролерлорду жумушка чакырат. Муниципалитеттен билдиришкендей, жумуш убактысы эртең мененки 07:00дөн кечки 08:00гө чейин созулат. Контролердун милдеттери автобустардагы накталай эмес төлөмдү көзөмөлдө жана «Тулпар» карталарын сатуу болуп саналат. Белгиленгендей, контролерлордун эмгек аксы күнүнө 1200 сом жана ар бир саткан «Тулпар» карталары үчүн 10 сом каралган. […]

Сизге жагышы мүмкүн