Бишкекте КМШ Мамлекет башчыларынын жыйыны өтөт

Автор

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Алдыдагы иш-чаранын жүрүшүндө Шериктештикке катышкан мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

КМШнын бул саммитине Шериктештиктин мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.

Бул жылы Кыргызстан КМШ органдарында төрагалык кылып жаткандыгын белгилей кетүү маанилүү”, – деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көл өнүктүрүү фондунда финансылык бузуулар аныкталды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунда 665 млн 867 миң сомдук финансылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу КР Эсептөө палатасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аталган фонддун 2019-2022-жылдар аралыгына бюджетинин аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган баардык финансылык бузуулардын […]

Сизге жагышы мүмкүн