Ысык-Көл өнүктүрүү фондунда финансылык бузуулар аныкталды

Автор

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунда 665 млн 867 миң сомдук финансылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу КР Эсептөө палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аталган фонддун 2019-2022-жылдар аралыгына бюджетинин аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 665 млн 867,4 миң сомду түзгөн, анын ичинен:

 

– КР бюджеттик тутумундагы бюджеттерди аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер 310928,9 миң сом;

– мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер 163448,9 миң сом;

– эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулар 163572,4 миң сом;

– мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар 27917,2 миң сом.

Аудит учурунда калыбына келтирүүгө тийиш болгон 249 млн 47 миң сомдун ичинен 152 млн 596,1 миң сому өндүрүлгөн. Жалпы 17 жол-жоболук бузуулар аныкталган.

Аудиттин жыйынтыгы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын жетекчилигинин, бөлүм башчыларынын жана финансы кызматкеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча КР президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнө отчет, сунуш; аудит объектисине аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйрук, сунуш жөнөтүлгөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына укуктук баа берүү үчүн төмөнкүлөр жиберилген:

 

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясында 2019-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата (4 жылга ) бюджеттин аткарылышына жана ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча Отчет;

Covid-19 коронавирус пандемиясы учурунда Балыкчы шаарынын тургундарына 8750 кг (175 мешок) ун азыктарын 275,6 миң сомго (жабдуучу “Дөөлөт Трейдинг” ЖЧКсы) жана 423,5 мин сомго (жабдуучу жеке ишкер А.Н. Бектурганов) тамак-аш азыктарын тастыктоочу иш кагаздары жок таратылгандыгы боюнча материалдар;

К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык драмалык театрына материалдык – техникалык базасын чыңдоого (жабдуучу “Вертекс Ком” ЖЧКсы) 750,0 миң сомго Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптары аткарылбастан, техникалык спецификацияга жооп бербеген кичиавтобус сатылып алынгандыгы боюнча материалдар.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош базарынын ордуна эмне курулаары айтылды  

Ош базарынын ордуна оорукана же свер куруу сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Шаар башчысы “Ош базары менен кошо чыгыш-батыш автобекеттерин сыртка көчүрөлү деп пландап жатабыз. Жер маселеси чечилген. Фучик көчөсү менен баратканда 160 гектар жер каралууда. Азыр долбоордук иш-чаралар жүргүзулүп жатат. […]

Сизге жагышы мүмкүн