Кыргызстанда жумушсуздук кыскаруууда

Автор

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-апрелине карата жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 84 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалында айтылат.
Документке ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 15%га аз, анын ичинен 61,7 миң адам жумушсуз катталган, же 17,3% аз.
Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,7%ы аялдарга туура келет. Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,3%ды түздү.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ: Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 25-26-апрель күндөрү туруксуз аба ырайынын жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ жарандарга арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн