Кыргызстанда жер титирөө катталды

Автор

Кыргызстандын аймагында 4-апрелде саат 04:43тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Ат-Ойнок тоо кыркаларында жайгашкан — Кызыл-Көл айылынан түндүк-чыгышты карай 12 чакырым, Чат айылынан түндүк-чыгышты карай 14 чакырым, Көгарт, Аркыт айылдарынан түндүк-чыгышты карай 15 чакырым жана Кербен айылынан түндүк-чыгышты карай 51 чакырым алыстыкта орун алган.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөө сезилген. Алсак, Ат-Ойнок, Кызыл-Көл, Чат, Көгарт, Аркыт айылдарында 3 баллга, Көл, Алмалуу, Кара-Жыгач, Кызыл-Туу, Чарба, Райкомол, Жаңы-Жол айылдарында дээрлик 3 баллга жакын сезилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 1038 адамга жетти

Тайвандагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 1038 адамга жетти. 52 адам менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Өрткө каршы кызматы «Тогуз адам каза болуп, 1038 адам жарадар болгон. 93 адамды басып калган. 52 адам менен байланыш үзүлгөн»,-деп маалымдады. Кытайдын сейсмологиялык борбору шаршемби күнү Тайвандын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Хуалянь округунун жээгинде күчү […]

Сизге жагышы мүмкүн