Кыргызстандагы эң мыкты мектептер аныкталат

Автор

Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын мыкты мектебин тандоо жөнүндө” буйругу чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, республикалык тандоо 5 этаптан турат.
Ага төмөндөгү жалпы билим берүү уюмдары катыша алат:
мурдагы жылдары жеңүүчү болуп аныкталбаган жана окуучулардын саны үч жүздөн кем эмес мектептер;
мыкты мектеп аталышына талапкерлер болуп район, шаар жана облус боюнча мыкты жетишкендиктерге ээ болгон мектеп;
билим сапаты жогору жана билим берүү кызматын өнүктүрүүдө, жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди, анын ичинде электрондук билим берүү ресурстарын колдонууда ийгиликтүү тажрыйбасы бар мектеп;
профилдик жана автордук программаларды ишке ашырган, инсанга багтытталган окутууну өздөштүргөн, техникалык, эстетикалык ж.б. ийримдерди ийгиликтүү уюштурган мектеп.

Бөлүшүү:
Next Post

Эки министр Кыргыз-Тажик мамилесин талкуулашты

Тажик тараптын чакыруусуна байланыштуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кечээ Тажикстанга келди. Ал эки күн Душанбеде болот. Алар тар жана кеңейтилген форматта жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Тажик мамилелеринин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарындагы абалы талкууланды. Министрлер БУУ, ЕККУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардагы кызматташуунун алкагындагы өз ара кызматташууну да […]

Сизге жагышы мүмкүн