Бүгүн салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Wp Pw
0 0
Read Time:48 Second

Бүгүн, 2-майда бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салык органдары декларацияны түнкү саат 12:00гө чейин кабыл алышат.

Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө гана, ал эми жарандар электрондук же кагаз жүзүндө тапшырса болот.

 

Эскерте кетсек, декларациянын төмөнкүлөр тапшырышы керек:

 

– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;

 

– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;

 

– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;

 

– илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;

 

– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

 

– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

 

– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

1-майда нааразылык акциялары өттү

1-май Европада эмгекчилердин эл аралык күнү. Быйылкы жылы майрам массалык нааразылык акциялары менен өттү. Анда коомчулукта көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Испанияда инфляциянын жогорулашынын проблемалары жарыяланды, Парижде эко-активисттер Луи Вуиттон музейине боёк чачты. Бүткүл Германияда профсоюздар жана түрдүү топтор уюштурган жүзгө жакын митингдер болуп өткөнү маалымдалды. Францияда 1-майда пенсия реформасына нааразы болгон […]