Криштиану Роналду кытайлык күйөрмандардан кечирим сурады

Автор

Сауд Арабиянын “Аль-Наср” футболдук клубу Кытайдагы эки жолдоштук беттешин токтотконуна байланыштуу Криштиану Роналду күйөрмандардан кечирим сурады. Буга атактуу оюнчунун жаракат алгандыгы себепчи болгон.
Криштиану Роналду “Өзүңүздөр билесиздер, футболдо кээ бир нерселерди көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Мен 22 жылдан бери ойноп келем, көп жаракат алган эмесмин. Ал эми “Аль Наср” клубу менен Кытайга барбай калганыма өкүнүп жатам. 2003-жылдан бери бул жерде өзүмдү үйүмдөгүдөй сезем. Бирок бул футболдун жана менин жашоомдун бир бөлүгү. Биз Кытай элин бактылуу кылуу үчүн кайтып келебиз, бул менин максатым. Сиз футболчунун жагдайын түшүнөсүз деп үмүттөнөм», — деп айтты.
23-январда “Аль-Наср” клубу “Шанхай Шенхуа” (24-январь) жана “Ханчжоу Гринтаун” (28-январь) менен болгон жолдоштук беттештерин кийинкиге калтырган.
Эске салсак, бул сезондо Роналду бардык мелдештерде 25 “Аль-Наср” матчына катышып, 24 гол жана 11 пас киргизген.

Бөлүшүү:
Next Post

Жерде миллиард адам сымал робот болобу?

Илон Маск социалдык тармактарында 2040-жылга чейин Жерде миллиард адам сымал роботтун пайда болушу мүмкүн деген ишеними менен бөлүштү. Ал бул жасалма жандыктар адамзаттын стабилдүү өнүгүшүнө жараша күнүмдүк турмуштун ажырагыс бөлүгү болуп калаарын баса белгиледи. Бул сценарий 40 жылдан кийин Күн системасында 100 миллиард робот болот деп болжолдогон Дэвид Хольцтун божомолуна […]

Сизге жагышы мүмкүн