Коюу тумандан улам 158 унаа кагышты

Автор

АКШнын Луизиана штатында саздагы өрттүн түтүнүнөн улам күчөгөн калың тумандан улам 158 унаа кагылышты.  Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болуп, 25 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган.
Кырсык  Жаңы Орлеанга жакынкы аралыкта болгон.  Луизиана штатынын полициясы куткаруучулар унаа калдыктарын тазалоону улантууда.
Учурда I-55 жолунда  түндүктү жана түштүктү көздөй бир нече чакырым тыгындар бар. Кырсык болгон жерден тыгылып калган айдоочуларды алып чыгууга мектеп автобустары тартылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Шакиев мамлекеттик туунун авторлору менен эмнелерди талкуулады?

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов, КР мамлекеттик туусунун авторлору Жусуп Матаев жана Бекбосун Жайчыбековдор менен жолугушуп, башкы мамлекеттик символду өзгөртүүгө байланышкан сунуштарын укту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда төрага Нурланбек Шакиев мамлекеттик туунун айланасында түрдүү пикирлер айтылып […]

Сизге жагышы мүмкүн