Коомдук активист Замир Парманкуловду коррупционер деп атады

Автор

Красно Строитель аймагындагы Рабочий деген көчөдө эски балдар бакчасын ээлеп алган, 2019-жылдан бери соттун чечимине карабай пайдаланып келген экс-депутат Замирбек Парманкуловду көпөс, коррупционер деп атаган коомдук активист Кеңеш Жумабаев, “соттошкуң келсе, мени сотко бер. Красный Строителдин жашоочулары балдар бакчасын коргоп алганга күчү жетет. Биз ошол жерди кайтарып, дарбазасында жатабыз”,- деп билдирүү жасады. Ал аталган балдар бакчаны Бишкек шаардык мэрияга өткөрбөй келген Мүлк Фондусун экс-депутат менен табакташ деп атады. Вице-мэр Нурдан Орунтаевге рахмат айтып, “эрки жетип, мамлекеттин жерин мыйзамсыз басып жаткандар менен күрөшүп жаткан үчүн ага ыраазычылык билдиришибиз керек”,- деп кайрылды өздүк баракчасынан.

Бөлүшүү:
Next Post

Былтыр Кумтөрдөн 17,5 тонна алтын казылды  

2022-жылы Кумтөрдөн 17 тонна 305 килограмм алтын казылды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, күн мурун Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында КР Финансы министрлигинин 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету каралды. Анда депутат Дастан Жумабековдон Кумтөрдөн түшкөн кирешелер жана Кумтөр кенинде 2022-жылга карата алтын өндүрүүнүн көлөмү боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн