“Комиссар Катани” Азим Рой тууралуу эмне деди?

Автор

Былтыр, 2023-жылы коомчулуктун нааразычылыгын туудурган Азим Рой генерал Өмүрбек Суваналиевдин үстүнөн Ленин райондук сотуна кайрылып, 150 млн сом өндүрүп берүүнү суранган.
“Сот мени чакырбай эле үстүмөн соттоп, 15 миң сомго жыгыптыр. Кайра даттануунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу чегерилген жазаны төлөп бердим. Кайра сентябрь айында дагы сотко кайрылды. Соттук отурумга баралы деп жүрсөк Камчы Көлбаев көз жумуп, УКМК төрагасы “Азим Рой кримминалдын анабашы” деп маек берип койсо, бул сапар соттор карабай койду”,- деп билдирди эл арасында “Комиссар Катани” деген атка конгон саясатчы.
“Ал эми мен Раимбек Матраимов жөнүндө билбейт экенмин. Билбей туруп, бир нерсе айтуу туура эмес. Шайлообек Атазов айткандай, аны менен кимдер гана мамиле түзгөн жок. Керек болсо, мурдагылар тойлордо бирге жүрүшпөдүбү”,- деди журналист М. Базлакунованын суроолоруна жооп берип жатып.
Эскерте кетсек, УКМК өткөн жылдын ноябрь айында Азим Ройго сыртынан айып тагып, аны Камчы Көлбаевдин өкүл атасы болгон деп билдирген. Ал мурда бир нече кылмыштары үчүн соттолуп, бирок, өлкөдөн чыгып кеткен. Камчы Көлбаев атып өлтүрүлгөндөн кийин УКМК Азим Ройго издөө жарыялаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда кызамык менен ооругандар 5,5 миңге жакындады

Кыргызстанды кызамыктын 5 миң 446 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде, Бишкек шаары боюнча 1 653, Ош шаары боюнча 334, Ош облусунда 907, Баткен облусунда 133, Чүй облусунда 1 228, Жалал-Абад облусунда 975, Ысык-Көл облусунда 86, Талас облусунда 76 […]

Сизге жагышы мүмкүн