Кийинки президент ким?

Автор

Кийинки президент Камчыбек Ташиев болушу мүмкүн экендиги эмитен эле айтыла баштады. Айрым, социалдык тармактарда “Камчыбек Ташиевди президент катары көргүңүз келеби” деген сурамжылоолор жүрүп жатат. Кээ бир саясий серепсилер УКМК төрагасынын кадыр баркы жогорулаганы, карапайым калктын ишеничине айланганы, өлкөдө үлкөн жоопкерчиликти моюндап, иш алып барып жатканы жана 30 жылдан бери чечилбей жаткан чек ара чырына чекит койгону анын президенттик мүмкүнчүлүгүн жогорулатты деп белгилешүүдө. 2026-жылкы президенттик шайлоодо ат салышы мүмкүн делген Өмүрбек Бабанов менен Адахан Мадумаров сыяктуу саясатчылар жеңилүү ызаасын тартышабы?

Бөлүшүү:
Next Post

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Аксы району боюнча “көзөмөлчү” (смотрящий) М.А.К. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ушул жылдын 11-октябрында УКМК тарабынан катталган материалдын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (“Пара талап кылуу”) каралган кылмыштын негизинде козголгон иш боюнча К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу […]

Сизге жагышы мүмкүн