Кийим-кече эрежесин бузган аялдар 10 жылга эркинен ажыратылат

Автор

Ирандын парламенти кийим-кече эрежесин бузган аялдарды 10 жылга эркинен ажыратууну караган мыйзам долбоорун кабыл алды.
Мыйзам долбоору “Хиджаб жана ар-намыс жөнүндө” деп аталат. Ага 152 депутат “макул”, 34 депутат каршы, 7 депутат калыс добуш берди.
Эми аны Конституциялык көзөмөл органы болгон Сакчылар кеңеши бекитиши керек, андан кийин ал толук кандуу мыйзамга айланат. Максаты – ирандыктардын ислам дресс-кодунун сакталышына көзөмөлдү күчөтүү.
БУУ бул мыйзам долбоору Ирандын аялдары менен кыздарын ого бетер зордук-зомбулукка жана куугунтукка дуушар болорун эскертет.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда буудайдын көлөмү жетиштүү

Кыргызстанда буудайдын көлөмү жетиштүү, кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу  Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, эртеңден баштап КР ӨКМге караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 40 миң тонна буудай даны кампадан чыгарылат. Ошондой эле, ун рыногундагы абалды турукташтыруу боюнча министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, Айыл чарба министрлиги, ун өндүрүүчү […]

Сизге жагышы мүмкүн