Карыздан улам бүт өлкөнү караңгылык каптады

Автор

Чет элдик валютадагы карыздарын төлөбөгөндүктөн Ливандын бүт аймагы электр жарыгысыз калды.
Карыздан улам Дейр Аммар жана Захрани аттуу эки жылуулук электр станциясы жабылды. Экөө тең бүтүндөй өлкөнү камсыздаган жалгыз ТЭЦ жана жалпысынан 550 МВт өндүрөт.
Суу насостук станциясы токтогондон кийин инфраструктуралык объектилер иштен чыккан. “Électricité du Liban” ишканасы кырдаалды көзөмөлдөй албастыгын билдирди.
Захрани жана Дейр-Аммар электр станциялары дизелдик отун түгөнүп калгандан кийин ишин токтотуп, электр энергиясын өндүрүү 200 МВттан төмөн болуп, бүт өлкөнү караңгылык каптады.
Жер Ортолук деңизинин чыгыш жээгинде жайгашкан Ливан өлкөсү дүйнөдөгү эң кичинекей эгемендүү мамлекеттердин бири. Борбору – Бейрут. 1943-жылы өлкө Франциядан көз карандысыздыкка ээ болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча курамасы Азия чемпионатында 19 медаль жеңди

Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча курама командасы Азия чемпионатында 19 медаль (3 алтын, 2 күмүш, 14 коло) жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдеш 4-12-август күндөрү Монголиянын Баян-Өлгей шаарында өттү. Белгилей кетсек, мелдешке 10 мамлекеттин (Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Бангладеш, Кытай, Филиппин, Орусия Федерациясынын Алтай жана Саха Республикалары, Өзбекстан, […]

Сизге жагышы мүмкүн