Каныбек Иманалиев Эл аралык олимпиадаларданын жеңүүчүлөрү  менен жолугушту

Автор

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Эл аралык олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучулар жана алардын машыктыруучулары менен жолугушту.

Министр Каныбек Иманалиев дүйнөлүк билим жарыштарында Кыргызстандын намысын коргогон окуучуларды жеңиштери менен куттуктап, алардын бул ийгиликтеринде машыктыруучуларынын эмгеги чоң экендигин белгиледи.

“Кыргызстан Венгрияда өткөн XXXV информатика боюнча эл аралык олимпиадада 90 өлкөнүн ичинен 24-орунду ээлеп, Борбордук Азияда биринчи орунга чыкты. Бул биздин өлкө үчүн чоң жетишкендик жана сыймык”, – деди министр.

2023-жылдын 28-августунан 4-сентябрга чейин Венгриянын Зегед шаарында өткөн Эл аралык информатика боюнча олимпиадага 4 окуучу катышып, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алышкан.

Эл аралык олимпиаданын финалдык турунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасынын көрсөткүчү:

  1. Айдар Мундузбаев, Бишкек шаары, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү — күмүш медаль;
  2. Тенгиз Беккойонов, Жалал-Абад шаары, Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү — коло медаль;
  3. Алихан Айдарбеков, Нарын шаары, М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу — коло медаль;
  4. Байторо Майрамбеков, Талас шаары, «Манас-Ата» Талас лицейинин 11-классынын окуучусу – ардак грамота.

Бөлүшүү:
Next Post

Мелис Мырзакматовдун күңүрт жүрүшү

“Улут Биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов саясаттын жосунсуз жоруктарынан өзүн оолак кармап, өлкөгө инвестиция тартуу менен алектенгени белгилүү болду. Ал 2020-жылдагы саясий окуялардан кийин кескин түрдө бурулуш жасап, Эл аралык уюмдар жана дүйнөлүк деңгээлдеги экономисттер менен кысматташып баштаганы, экономикалык багытта билимин өркүндөткөнү, саясий оюндарга аралашпай өзүн таза кармаганы айрым саясатчылардын […]

Сизге жагышы мүмкүн