Камила Валиева киного тартылат

Автор

Орусиялык атактуу көркөм муз тебүүчү Камила Валиева кино жана теледолбоорлорго кастингден өтүп жатат. Атактуу көркөм муз тебүүчү спорттон четтетилгенден кийин ЖМКга учурда эмне менен алектенип жаткандыгын айтты.
«Мен жаштарга баарын сынап көрүүнү кеңеш берет элем. Канчалык аракет кылсаң ошончолук тажрыйбага ээ болуп, тандоо оңой болот. Спорттон тышкаркы эң биринчи пландарым мектепти бүтүрүү, бирдиктүү мамлекеттик тестен өтүү. Анан сынактар, университет бар. Мен азыр кино жана теледолбоорлор үчүн кастингден өтүп жатам. Ушуну өрчүткүлө, мени кайра көрөсүңөр деп ишенем», – деди Валиева.
Спорттук арбитраждык сот (CAS) 29-январда Пекин Олимпиадасында командалык таймашта жеңишке жеткен Валиеваны допингге каршы эрежелерди бузгандыгы үчүн төрт жылга дисквалификациялаган. Көркөм муз тебүүчү 2025-жылдын 24-декабрынан тарта мелдешке кайта алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Израил Газадагы элдешүү келишимине макул болду

Израил барымтага алынгандардын тизмесинин ордуна алты жумалык элдешүү боюнча келишимге макул болду. Жарашуу Рамазан айынын алдында 10-мартта башталып, андан кийин туткундарды алмашуу болот. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн