Исхак Раззаковдун удулу келип турган, таберик сөздөрү

Автор

Исхак Разаков кыргыз тарыхында орду чоң, мамлекеттик ишмер жана улуттук лидер болгон. Бүгүн коомдо чиеленишип аткан окуялар Кыргызстанга кудум ушундай акактай таза, адилеттүү, билимдүү, элди бөлбөгөн, мээнеткеч, чынчыл, өтө мекенчил жетекчилер зарылдыгын айгинелеп олтурат.

Исхак Раззаковдун көзү өтсө да, артында үлгү болор эмгеги калды.Так турмуштун өзүнөн алынган, таамай айтылган, таасирдүү сөздөрү калды артында. Учурда алардын  удулу келип турат, улуу муундун табериги катары эске салып эскерели.

 

-Кимде-ким өз бактысын өз колу менен жасап алса, ал чыныгы эрдик, бакыт. Ал эми бирөөлөрдүн жардамы менен бакытка жеткен чыныгы кордук.

-Бай жашоого болот, бирок өрнөктүү жашоо кыйын!

-Иштен качкан адам, идирексиз адам. Инабаттуу өмүр сүрөм десең-иштен тажаба… Иштей бил…Иш сенин зарылдыгың болгондо гана турмуштун өтөлүнө чыга  жашайсың…

-Эл башкаруу чоң жоопкерчилик, жаман кызматкердин зыяны элге тиет.

-Калыс жетекчи болом десең, кек сактаба айкөл бол!

-Касташуудан кач, бирок калыстыктан тайба!

-Идректүү адамдардан жардамыңды аяба. Алар кийин иш билги болуп чыгышат.

-Туулдуң өлдүң. Өлбөй калуунун жолу барбы? Бар – ал эмгек!

-Ак иштеген адам акыры жамандык көрбөйт.

-Кемчилдиктерди эле айта бербей,аларды оңдоонун жолун айтканыбыз он болоор.

-Бирөөлөрдүн күчтүүлүгүнөн коркпо, өзүңдүн чабалдыгыңдан корк!

-…Пакиза, таза журүп, адилет болсоң- эки дүйнөң бейиш!

-Мекендин кунар баасы-өмүрдөн кымбат!

-Экономика жана дагы бир жолу экономика!

-Жумушчулар, инженер-техникалык кызматкерлер-булар биздин коомубуздун гүлү, букети, бурулуш жасоочу күчү.

-Өзүң жаңыны жарата албасаң, башкалардан үйрөнүүдөн уялба.

-Эң башкысы эч качан, ар кандай шартта болбосун капаланууга, бук болууга жол бербөө үчүн, күч жыйнап ишке киришүү абзел.

-Биз баарыбыз адамбыз, өзүбүздүн жерибизди, эне тилибизди сүйөбүз. Андан уялбашыбыз, тартынбашыбыз керек.

-Ынтымак-биримдик биринчи кезекте жетекчилерден башталышы керек.

-Жакшы жетекчи болоордон алдын, жакшы адам бол!

-Руху бузулган адам гана арам ишке, кылмышка барат.

-Турмуштун ачуу-таттуусуна бышкан адамдан жакшы инсан чыгат.

-Коомдун өнүгүшү үчүн, анын калкынын жашоо-турмушуна гүлдөп өсүшү үчүн биринчи башчы өзгөчө жооптуу. Ал өзү ууру, шумпай болсо калган жетекчилер аны туурап, өлкөнүн мүлкүн туш тараптан талап-тоноору айдан ачык.Анда элдин шору, эл кыйналат, эл чачылат.

-Чыныгы патриот өз элин дүйнөлүк масштабга көтөрүү үчүн эмгектенет.

-Адам байлыгынын чени-илим жана билим!

-Биз кыргыздар үнөмдүү, сарамжалдуу болушубуз керек.

-Кыргыз эли-бир эл, бүтүн эл! Кыргызды бөлгөн жакшылык көрбөйт!

-Бул дүйнөгө мен жылаңач бойдон келгем, ошол бойдон кетемин.Мага малдын да, толгон байлыктын да кереги жок. Элим үчүн эмгегим гана калса болду, ошого ыраазымын, ошол мага дөөлөт!

Интернеттен

Бөлүшүү:
Next Post

Дерматоздун  пайда болушунун себептери

Дерматоз тышкы жана ички факторлордун таасиринен пайда болушу мүмкүн. Тышкы таасирлер көбүнчө теринин абалына таасир этүүчү химиялык дүүлүктүргүчтөр менен көрсөтүлөт. Ички органдардын оорулары теринин абалына да таасир этиши мүмкүн. Этиологияда маанилүү ролду ткандардын белгилүү бир таасирлерге сезгичтигин жогорулаткан тукум куучулук факторлор ойнойт.   Мүмкүн болгон симптомдору:   Теринин кызарышы жана […]

Сизге жагышы мүмкүн