Индиядагы тойдун чыгымы 120 млн доллар болду

Автор

Индиянын жана Азия континентинин эң бай адамы Мукеш Амбани 120 млрд доллары менен дүйнөлүк байлардын 11-катарында турат. Анын атасы 1970-жылга чейин Бомбей шаарында 2 бөлмөлүү жөнөкөй үйдө жашаган. Аталган каарман ал жылдары болгону 15 жашта эле. Атасы текстиль фабрикасынан тапкан каражатына Нефти заводун куруп, ишин аябай илгерилеткенде Мукеш Амбани Жогорку окуу жайын аяктап, химия адистигин алды. Бактысы тоодой жигит тез эле атасы курган заводдун директорлугуна дайындалат. Бүгүн ал 67 жашында. Кичинекей заводун дүнүйөдөгү завод-фабрикалардын империясына айландырган.

Атактуу ишкердин Бомбейде “Антилия” деп атаган үйү бар.
“Антилия” Атлантика океанындагы аралдын аты. 173 метр бийиктикте, 27 кабаттан турган үйүнүн долбоорун 2012-жылы Америкалык архитекторлорго сыздырып, дүнүйөгө атагы чыккан Австралиялык курулуш компаниясына салдырган. Бул үйдүн аянты 37 миң метр квадрат. Өзү эң акыркы кабатында жашайт. Имараттын бир кабатында 186 унаадан турган коллекциясы бар. Бир кабатында жеке ооруканасы, башка бир кабатында кино театр жайгашкан. Оюн-зоок жана сыйынуу үчүн да өзүнчө кабаттар берилген. Кээ бир кабатында көз жоосун алган парк жайгашып, ал жерде дүнүйөнүн ар аймагында өскөн өсүмдүктөр эгилген. Ошондой эле вертолёт конуучу үч аянт жана атайын бөлмөлөрдө аба ырайын байкоочу аппараттар орнотулган. 9 тез ылдамдыктагы лифт иштейт. Имарат 8 баллдык жер титирөөгө ылайыкташып курулган. Бул керемет үйдө
600 киши эмгектенет, алардын ичинде ар түрдүү кесиптеги адамдар бар. 2 млрд доллар каражатка курулган имарат Англиядагы Букингем Сарайынан кийинки эле 2-орунда турат.

Өткөн жумада керемет Индияда дастанга айланган той өтүп, дүйнө элдеринин суктануусун жаратты. Атактуу ишкер Мукеш Амбани 3 миң метр квадрат манго бакчасында кичинекей баласын үйлөп, 3 күн 3 түн жомоктогудай той берди. Бул бакчада 2 миң жапайы жаныбар багылса, 10 млн ар түрдүү өсүмдүктөр эгилген.
Дүйнөлүк ММКлар Мукеш Амбанинин жаныбарларды жакшы көргөнүн, аларды дүйнө жүзүнөн чогултуп, реабилитациялоо мүмкүнчүлүгүн жаратканын жазышты.
Тойдо кызмат кылуу үчүн дүйнөгө атагы чыккан 21 ашпозчу чакырылган. Алар 3 күн бою 2500 түрдүү тамак даярдашкан. Эрте мененки тамактануу менюсунда болсо, 75 түрдүү тамак даяр болгон. Ал эми Индиялыктарга таандык болгон салт боюнча, түнкү саат 24:00 – 04:00 арасындагы тамактануунун өзү 85 түрдөн жасалган. Тойго катыша турган 1000 адам үчүн атайын дүйнөлүк чачтарачтар, кийим дизайнерлери, кызматчылар жана ырчы-чоорчулар даяр болушту. 5 ырын созолонткон “Рианна” группасына 6.5 млн доолар төлөнгөн. Тойдо Бомбейдин 50 миң тургуну тоскоолдуксуз кирип, 3 күн -3 түн тойго катышып, түрдүү тамактардан даам сызышты.
Жыйынтыгында, тойго сарпталган чыгым 120 млн долларды түзгөн.
Бүгүн 1 млрд 400 млн калкы бар Индияда 900 млн адам ачка. Дүйнөлүк экономиканын 5-орунун ээлесе да, дүйнөдөгү эң кедей өлкөлөрдүн катарын толуктайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Арменияда Евробиримдикке кирүү жагы каралып жатканы белгилүү болду

Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян өлкө Евробиримдикке кирүү идеясын активдүү талкуулап жатканын айтты. Евробиримдикке кирүү идеясы бир катар активдүү талкууланган маселелердин бири экенин министр түрк телекомпаниясы TRT World менен болгон маегинде билдирди. «Акыркы үч-төрт жыл ичинде биз туш болгон бардык кыйынчылыктарды эске алуу менен Арменияда жаңы мүмкүнчүлүктөр активдүү талкууланууда. […]

Сизге жагышы мүмкүн