Бишкекте эртең карызы бар абоненттердин жарыгы өчөт

Автор

Эртең, 28-марттан тарта карызын убагында төлөбөгөн бишкектиктердин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, карызы бар абоненттердин саны 6,2 миңден ашат.
Жарандар «Мой свет» тиркемесин уюлдук телефонуна жүктөп алып, өздүк эсеби тууралуу бүт маалыматты ала алат.
Ошондой эле 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 күнү-түнү иштеп жаткан колл-борборуна чалып же 0556 001209 WhatsApp номерине жазып өзүнүн дебитордук карызын сурап билсе болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйшөмбүдө терактка айыпталгандардын жакындары суракка алынууда

Дүйшөмбүдө Москвадагы Крокус Сити Холл имаратына кол салууга айыпталгандардын жакындарына тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Россиялык тергөөчүлөр Дүйшөмбүгө 26-мартта келишкен жана камакка алынган Тажикстандын төрт жаранынын жакындарын суракка алган. Тергөөнүн жүрүшү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун көзөмөлүндө. Ал күн сайын тергөөнүн жүрүшү боюнча бардык маалыматтарды алып жатат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн