Израил менен Хамас элдешүү келишимин узартууну талкуулап жатышат

Автор

Израил менен Хамастын ортосундагы элдешүүнүн төртүнчү жана акыркы күнүндө эки тарап тең ок атышпоону узартууну карашууда. Бул сүйлөшүүлөрдү ортомчу болгон АКШ жана Катар да колдойт.

Хамас 27-ноябрда аяктаган элдешүү мөөнөтүн узартууга даяр экенин билдирип, барымтадагылар менен туткундарды алмаштыруу боюнча “олуттуу аракеттерди” белгиледи. Израилдин бийликтери дагы ушундай эле шарттарда барымтадагыларды бошотуу келишимин узартуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашууда.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жекшембиде  АКШ президенти Жо Байденге Газа тилкесинде күн сайын барымтадагы 10 киши бошотулса, ХАМАС менен элдештирүү мөөнөтүн узартууну «кубанабыз» деди.

Катардын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мажед ал-Ансаринин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары Израил менен Палестина элдешүү келишимин алгачкы төрт күндөн кийин дагы узартат деп үмүттөнүшөт. АКШнын президенти Жо Байден да тараптардын согуштук аракеттерди улантпоо жана дагы көп барымтадагыларды бошотуу жана Газа тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк бере турган ок атышпоо режимин сактоону каалагандыгын билдирди.

Буга чейин Израилдин аскерлери Газа тилкесинде согуштук аракеттерди кайра баштоого камданып жатканы кабарланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектик таэквондочулар эл аралык турнирде 10 медаль утту

Бишкектеги Р. Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары эл аралык турнирде 10 медаль утту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында олимпиадалык таэквондо боюнча BISHKEK OPEN 2023 эл аралык ачык чемпионаты өттү. Ага мелдешке Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Монголиянын спортчулары […]

Сизге жагышы мүмкүн