Израил-Газа жаңжалы боюнча акыркы абал

Автор

Израилдин Коргоо күчтөрү  Газа тилкесиндеги эң чоң качкындар лагери Жабалияга сокку урганын ырастады.  Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги  50 киши курман болгонун жарыялады.  Абадан сокку уруу Хамастын командирлеринин бири ал жерде жашынып жүргөндүктөн жасалганы билдирилди.
Хамастын куралдуу канаты Изз ад-Дин аль-Кассам тобу Израилдин «палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына каршы уланып жаткан мыйзам бузууларына жооп иретинде 7-октябрдын таңында кеңири чабуулду баштаган. Израил армиясы да Газа тилкесинде топтолуп, абадан бомбалоону баштады.
Израил бийликтери Газадан жасалган кол салууларда 315и аскер болгон 1400дөн ашуун израилдиктин каза болгонун, 5132 кишинин жараланганын жарыялады. Ал эми армиясынын басма сөз катчысы Даниел Хагари Газада аль-Кассам бригадасынын колунда 240 израилдик туткундун бар экенин белгиледи.
Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин кол салууларында 3542си бала жана 2187си аял болгон 8525 палестиналыктын каза болгонун, 21643 кишинин жараланганын билдирди.
Израилдин бомбалоосунда Газада 35, Ливанда 1 журналист көз жумду.
Израилдин блокададагы Газа тилкесиндеги күчтүү кол салууларынан улам аймактагы уюлдук телефон жана интернет байланыш кызматтары токтоп калды.
Израил армиясы 26-октябрдан тарта кургактагы чектелген операцияларды кеңейтип, абадан кол салууларды  көбөйттү.
Миңдеген жарадар жана карапайым калктын жашаган Газадагы эң чоң саламаттык сактоо мекемеси болгон Шифа ооруканасы да Израиль армиясынын бутасына алынды.

Бөлүшүү:
Next Post

Өлкөдө муктаж болгон 100гө жакын бейтаптын жүрөгүнө бекер операция жасалат

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу, аймактарда фельдшердик-акушердик пункттарды куруу, тажрыйба алмашуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты. Сауд Араб Падышачылыгынын элчиси Салман падышасы атындагы […]

Сизге жагышы мүмкүн