Израиль Хезболла жаңжалга кийлигишсе Иранга кол саларын эскертти

Автор

Израиль бийликтери Хезболла тобу кагылышууга кийлигишүүнү чечсе, Иранга сокку ураарын эскертти.  Израилдеги билдирүүлөргө Хезболла менен ХАМАС жооп берди.
Бул тууралуу Израилдин экономика жана өнөр жай министри Нир Баркат батыш басылмаларынын бирине берген маегинде билдирди.
Хезболла буга чейин Израиль бийлигинин билдирүүлөрүнө жооп кайтарган. Уюмдун жетекчисинин орун басары шейх Наим Кассем Израилдин Газа тилкесинде кургактан операция баштоосу кымбатка турарын эскертти.  ХАМАС  дагы кырдаал боюнча айткандарына Израиль армиясы Газа тилкесинде чабуул баштаса, Хезболла согушка кире турганын билдирди.
Ал арада The New York Times  Америка Израилден Хезболлага массалык сокку ура бербөөнү суранганын жазган.   Маалыматка караганда, Вашингтон тирешүү толук масштабдуу жаңжалга айланып кетиши мүмкүн деп кооптонууда.  Бул учурда Израилге эки фронтто согушууга туура келет.

Маалыматтарга караганда, Израиль менен Ливандын чек арасында чыңалуу бир нече күндөн бери күч алууда.  Катуу куралданган согушчандар менен Израилдин армиясы бири-бирине сокку урууда, кагылышуулар тирешүүнүн масштабдуу кагылышууга айланып кетиши мүмкүн деген кооптонууну жаратууда.
Израиль ар дайым Хезболла тобуна ХАМАСка  караганда алда канча олуттуу күч катары мамиле кылат.  “Хезболла” Ливандагы жарым аскерлештирилген уюм.
Бул топ АКШ, Канада, Израиль жана Евробиримдикте террорчу катары таанылган.  Бул топ курал-жарактын эбегейсиз арсеналын, анын ичинде Израилдин ичиндеги буталарга сокку урууга жөндөмдүү так башкарылуучу ракеталарды топтогон.  Он миңдеген жогорку даярдыктан өткөн  согушкерлерге ээ.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанын икиясы: Эшек менен сүйлөшпө!

Эшек жолборско айтат: – “Чөп, жалбырактардын түсү көк болот.” Жолборс  жооп берет: – “Жок, чөптөр жашыл болот!” Анан талаш-тартыш жаралып, ортодогу пикир келишпестиктерди чечүү үчүн Токой падышасы арстанга барышат. Алар  тактыда отурган Токой падышасы арстанга  жете электе эле эшек кыйкырып, айгай сала баштайт:   – “Улуу урматтуу падышам, чөптөр көк […]

Сизге жагышы мүмкүн