Израиль-Палестина жаңжалы: Фестиваль өткөн жерде 260 адамдын сөөгү табылды

Автор

Музыка фестивалы өтүп жаткан Газа тилкеси менен чек арага жакын жерде 260 кишинин сөөгү табылган.  Эки тараптан тең курман болгондордун саны миңдеген адамдардан ашты.
Израилдин түштүгүндөгү Газа тилкеси менен чек арага жакын жайгашкан Киббутц Реимде Хамас согушкерлеринин чабуулунан  260 киши набыт болду.
Каза болгондордун сөөгүн Зака ​​куткаруу кызматынын ыктыярчылары Реймде 7-октябрга караган түнү фестиваль өткөн жерден табышкан.
Израилдин Коргоо күчтөрүнүн маалыматына караганда, ишемби күндөн  бери 700дөн ашуун израилдик набыт болуп, 2150ү жарадар болду.
Газа тилкесинде Израилдин аба соккуларынан палестин бийлигинин маалыматы боюнча, 413 адам өлүп, 2300 киши жарадар болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Крим чөйрөсү болбойт! Камчыбек Ташиев кайрылуу жасады

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев  бизнесмен, чет өлкөлүк инвесторлор, ресторандардын, базарлардын ээлери, базарларда олтурган жарандарга кайрылуу жасады.  Бул тууралуу социалдык баракчасына жазды. «Кимде ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар. Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, […]

Сизге жагышы мүмкүн