Израилде Казакстандын 400дөй жараны бар экени айтылды

Автор

Израилде 400дөн ашык казакстандык болушу мүмкүн, алардын 118и Казакстанга кайтууну каалашат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айбек Смадияров билдирди.
«Тель-Авивдеги элчиликтин эсеби боюнча, Израилде консулдук каттоодо турбаган Казакстандын 400дөн ашуун жараны болушу мүмкүн. Алардын баары коопсуз жер издеп тынымсыз кыймылда»,-деди Смадияров.
Анын айтымында,  Газада жүргөн жарандардын көбү палестиналык жарандарга турмушка чыккан аялдар.
Учурда каза болгон, жаракат алган жана барымтага алынган Казакстандын жарандары тууралуу маалымат жок.

Бөлүшүү:
Next Post

10-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 10-октябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26,   Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,   Нарын облусунда түнкүсүн -1…+6, күндүз +17…+22.   Бишкекте күн […]

Сизге жагышы мүмкүн