Карбалас Бакиров:  «Үйдөн эмес, шыбыраган бүт дүйнө, келет дайым талаалардан ойгонгум…»

Автор

 

* * *

Олтурбагам чаңын жутуп бөлмөнүн,

Көрдүм көлчүк толкуну жок өлгөнүн.

Чартылдаган чагылгандар жоголгон,

Чокулардан, түнт токойдон келгемин.

 

Олтурбагам эки беттен май тамып,

Терезеден булуттарды кайтарып.

Ташкындаган суулар менен аккамын,

Ташка тийип, таштын мизин майтарып.

 

Олтурбагам далдаасында коргондун,

Мага бакыт азаптары жолдордун.

Үйдөн эмес, шыбыраган бүт дүйнө,

Келет дайым талаалардан ойгонгум!

 

Вавилондун, кыйраган Вавилондун

Дал түбүнөн кылтыйып, жабалактап,

Өсүп чыккан жаш чөптөр адырлардан,

ашып түшүп, талааны барат каптап.

 

Барат каптап талааны жоокерлердей,

Кулпуларын талкалап аралдардын.

Жар, үңкүргө жармашып, тоону чачып,

Жарып чыгып таштардын тамандарын.

 

Келаткандай дүйнөлүк салтанатка,

Ээ-жаа бербей сүрүлүп чар тарапка

Өчүрүп көр, эми сен жер үстүнөн,

Тебелеп да, таптап да, балталап да.

 

Болгон менен эң назик — так көшөрлөгөн,

Ашкан өжөр таппадым, көк чөптөрдөн.

Урандылар, мүрзөлөр арасынан,

Таазим сага, тирүүлүк баш көтөргөн!

 

* * *

Тыюу салган жактарга ташта кадам,

Түптүз кеткен жолго мен батпаган жан.

Күндөр келсин кенгуру, кентаврдай,

Баш тартамын жадатма сентябрдан.

 

Уктай берип жармыңар өлүп калган,

Бурчуңардан чыккыла көнүп калган.

Толкундарын жөнөтөм жүрөгүмдүн

Коркпогула деңизге жолуккандан.

 

Не жаңылык бейтааныш тараптарда?

Канатыңды кайрыба камап тамга.

Короочулар аяймын силерди мен,

Булут көчүп, кайдадыр баратканда.

 

* * *

Чындыктын салмагына карабаган,

Бул дүйнө азап чегет таразадан.

Ушактын мүрзөлөрү болбойт окшойт,

Түгөнгүс мен тууралуу – жарамазан.

Кетпедим, бир ыр жазып келиш үчүн,

Түмөндөн, Уэленден, Магадандан.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнө, Путин жана Кыргыздар

Дүйнө буркан – шаркан түшүп, алдуусу алсызын чайнап өзгөрүүдө. Ага ал жетпейт! Аюу, бүркүт, ажыдаар тебиши эмне менен бүтөөрүн бир ЖАРАТКАН билет. Божомол көп. Аны укканы келгендер Путинге келип, орус өкүмдарга айласыз суктанып кетишти. Жарыктык Орусия жок болсо, дүйнөнүн да кереги жок, коркпойм дагы, кол салганыңар тыптыйпыл  болосуңар, кепке келгенди […]

Сизге жагышы мүмкүн