Жүз жаштагы спортчу дүйнөлүк чемпионатта алтын утту

Автор

Доха шаарында өткөн суу спорту боюнча дүйнөлүк чемпионатта уникалдуу окуя болду. 100 жаштагы ирандык суучул Таги Асгари метрлик мунарадан секирип, бул үчүн мелдештин уюштуруучуларынан атайын алтын медалына татыктуу болду.
Ирандык спорт ардагери алгач дүйнөлүк чемпионаттын ардактуу коногу катары чакырылган, бирок көрүүчүлөрдүн кол чабуусу астында мунарадан бассейнге секирген. Таги Асгари жакында өзүнүн жүз жылдыгын белгиледи. Ал секиргени үчүн баа алган жок – бул аракет сынактан тышкары жасалган.
Асгари 1951-жылы Делиде өткөн эл аралык мелдештерде дебют жасаган. Индияда өткөн Азия оюндарында 3 метрлик трамплинден секирүү боюнча коло, 10 метрлик платформада күмүш медалга ээ болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Аба ырайына байланыштуу окуучуларды аралыктан окутууга өтүштү

Казакстанда облустук билим берүү башкармалыктарынын маалыматы боюнча, кар күрткүсүнө жана суукка байланыштуу казакстандык окуучуларды аралыктан окууга жөнөтүү уланууда. Астанада башталгыч класстын окуучулары үчүн экинчи нөөмөттөгү сабактар ​​токтотулду. Костанай жана Акмола облустарында мектеп окуучулары эртең менен онлайн режиминде окушат. Казгидромет февраль айынын орто ченинде Казакстандын түндүк жарымы арктикалык антициклондун таасирине түшүп, […]

Сизге жагышы мүмкүн