Жыл башынан бери 3,7 миң мас айдоочу кармалды

Автор

Кыргызстандын аймагында 2024-жылдын башынан бери 3 миң 754 мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖККБББ) билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 65 мас айдоочу жол кырсыгына кабылып, андан 117 жаран ар кандай жаракаттарды алып, эки киши көз жумган.
ЖККБББ мас абалында унаа башкарган айдоочулар бир жылдан үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратыларын эскертип, мас абалында унаа башкаруу коомго коркунуч алып келээрин эскертет.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ сел боюнча депутаттарга маалымат берүүдө

Кыргызстан боюнча 67 жолу сел кырсыктары жүргөнүн бүгүн, 25-апрелде парламенттин жалпы жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда 18, Баткен облусунда 10, Талас облусунда 4, Чүй облусунда 4, Ош шаарында 2 жана Ош облусунда 29 учур катталган. Сел 1092 кожолукту каптап, анын ичинен 264 […]

Сизге жагышы мүмкүн