Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына  конкурс жарыяланды

Автор

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга конкурс жарыялады.

Ведомстводон билдиришкендей, документтер 2023-жылдын 10-августуна чейин кабыл алынат.

Сыйлыктар төмөнкү 11 номинациянын ар бири боюнча ыйгарылат:

 

“Адабият жаатындагы мыкты чыгарма”;

“Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма”;

“Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик”;

“Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)”;

“Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор”;

“Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы”;

“Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)”;

“Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш”;

“Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик”;

“Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик”;

“Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн”.

Талап кылынуучу документтер:

 

сунуштоочу кат;

чыгармачыл союздун башкармасынын чогулушунун протоколун;

кыскача өмүр баян (4×6 см 2 фотосүрөт);

чыгармачылык мүнөздөмө;

сыйлыктары жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү;

иштин кыска (эки беттен ашпаган) аннотациясы;

паспорттун көчүрмөсү.

Изденип алуучулардын жаш курагы 35 жаштан жогору болбоосу керек.

 

Сыйлыкка татыктуу болгон лауреаттар диплом, төш белги жана 100 миң (жүз миң) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылат.

 

Дареги: Пушкин көчөсү 78, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатты министрлиги, 1-кабат, Жаштар саясаты башкармалыгы, байланыш телефондору 0(312) 66-09-52, 62-11-94.

Бөлүшүү:
Next Post

Google компаниясынын жетекчилиги Кыргызстанга келет

Google компаниясынын жетекчилигинин өкүлдөрү Кыргызстанга биринчи жолу келет. Бул тууралуу маалымат Жогорку технологиялар паркынын сайтында жазылды. Маалыматка ылайык,  Owlchemy Labs виртуалдык реалдуулук студиясынын башкы инженери Жаррид Хантли жана Google компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европадагы мобилдик оюндар боюнча жетектөөчү адиси Мариуш Гасевски Борбор Азия оюндарынын көргөзмөсүнө катышат. Коноктор Жогорку технологиялар паркынын […]

Сизге жагышы мүмкүн