Жасалма интеллекттин тобокелчиликтери айтылды

Автор

Майкрософттун негиздөөчүсү Билл Гейтс жасалма интеллектти технологиядагы революциялык жетишкендик деп атап, бирок нейрон тармактарына байланыштуу көптөгөн тобокелчиликтерге көңүл бурду. Бул тууралуу ал өзүнүн блогуна жазды.
Гейтстин айтымында, интеллекттин кеңири колдонулушу жумушчу күч, укуктук система жана бир тараптуулук тууралуу бир катар татаал суроолорду жаратат. Инновациялык технологиялар бүтүндөй тармактардын ишин, анын ичинде айыл чарба, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын өзгөртө алат. Алар чоң пайда алып келиши мүмкүн, бирок адамдар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сарамжалдуу пайдалануусу керек.
Билл Гейтс дүйнө жасалма интеллекттен байлар эле эмес, ар бир адам пайда көрүшү керек деп эсептейт. Бизнесмен бул теңсиздикти кыскартууда өкмөткө жана кайрымдуулук уюмдарына маанилүү роль жүктөйт.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Килиан Мбаппе Франция курама командасынын жаңы капитаны болду

“Пари Сен-Жермен” (ПСЖ) клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе машыктыруучулар штабы тарабынан Франциянын футбол боюнча курама командасынын жаңы капитаны болуп дайындалды. Бул тууралуу L’Equipe гезити жазып чыкты. Килиан Мбаппе 24 жашта. Ал Франция курамасында 2017-жылдан бери ойноп келет. Анын эсебинде 66 матч жана 36 гол. Чабуулчунун улуттук кураманын жаңы капитаны боло аларын […]

Сизге жагышы мүмкүн