Габриэль Гарсиа Маркес: “Өзүмө – өзүм дос болдум”

Автор

«Мен эч качан жан досторумду, сонун жашоомду, мээримдүү үй-бүлөмдү ак чачыма же жалпак курсагымга алмаштырбайт элем.

Улгайган сайын өзүм менен достошуп, катуу сындабай калдым…

Өзүмө – өзүм дос болдум!

Кошумча печенье жесем, төшөк салбай жатып алсам же керексиз  нерсени сатып алдым деп өзүмдү  күнөөлөй бербейм.

Мен баш аламандыкка  жана жаңылууга  укугум бар.

Мен көптөгөн асыл достордун карылыктын улуу эркиндигин түшүнө электе, бул дүйнөдөн өтө тез кеткенин көрдүм…

Мен саат төрткө чейин компьютерде ойноп, түшкө чейин уктасам, мени ким айыптайт?..

Мен 70-80-жылдардагы  керемет хиттерин угуп, бийлейм, ошол эле учурда жоголгон сүйүүм үчүн кээде ыйлагым келет…

Кааласам көл жээкти бойлоп сейилдеп,  өтө тар кыска шым кийип, башкалардын жактырбаган көз карашына карабай толкундарга жан аябастан сүзгүм кетем…

Анткени алар да бир учурда карышат.

Билем, көп нерселерди унутуп калам, бирок жашоодо кээ бир нерселерди унутуш керек!..

Мен маанилүү нерселерди гана  эстейм. Албетте, бул жылдар аралыгында менин жүрөгүм далай ирет жараланды. Бирок жараланган жүрөктөр бизге күч, түшүнүк жана боорукердик берет.

Эч качан кыйналбаган, кайгырбаган  жүрөк бактылуулуктун  кубанычын эч качан биле албайт.

Көп жашап,  ак чачым, жаштык күлкүм жүзүмдө түбөлүккө сакталып калганы  үчүн бактылуумун.

Көптөрү эч качан  ырахаттанып, күлүшкөн эмес, чачтары күмүш болуп кете электе чын дүйнө салышкан.

Жаш өткөн сайын позитивдүү болуу оңой болот.

Башкалардын сен жөнүндө эмне деп ойлогонуна анча маани бербейсиң.

Мен мындан ары өзүмдөн күмөн санабайм.

Мен ката кетирүүгө укугум бар  демек  “мен улгайганды  жакшы көрдөмбү?” –деген соболуңузга жооп берейин.

“Мага ушул кебетем, ушул адам  жагат.”

Мен түбөлүк жашабайм, бирок дагы эле бул жерде турганымда, болгондорго өкүнүп, эмне болот деп тынчсызданып убакытты текке кетирбейм…

Габриэль Гарсиа Маркес.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдөгү төртүнчү миллиардер спортчу аталды

Лос-Анджелес Лейкерс командасынын мурдагы баскетболчусу жана НБАнын беш жолку чемпиону Мэжик Джонсон бир миллиард доллар тапкан дүйнөдөгү төртүнчү спортчу болуп калды. Жонсон тизмеге 64 жашында кирген. Ага чейин эки гана баскетболчу – Майкл Джордан менен Леброн Жеймс, ошондой эле гольф оюнчусу Тайгер Вудс спортчулар арасында мындай сумманы тапкан. Forbes журналынын […]

Сизге жагышы мүмкүн