Киевде, Харьковдо, Тернопольдо жана Кривой Рогдо жардыруулар болду

Автор

Украинанын бардык аймактарында түнкүсүн аба чабуулу боюнча эскертүү жарыяланды. Көптөгөн шаарларда жана райондордо жарылуулар болду.
Украинанын маалымат каражаттары Киев, Харьков, Тернополь, Кривой Рог, Днепр, Кировоград, Харьков жана Днепропетровск облустарындагы жардыруулар тууралуу жазып чыгышты. Айрым шаарларда, анын ичинде Киевде абадан коргонуу системалары иштеп жатканын жергиликтүү бийлик билдирди.
Харьковдо мэр Игорь Терехов айткандай, коммуналдык ишкана жана кампа жабыркап, экинчисинде өрт чыккан. Кривой Рогдун мэри Александр Викул бир нече жарандык объектилерге, анын ичинде беш кабаттуу имаратка зыян келтиргенин билдирди. Анын айтымында, жабыркагандар бар, урандылардын астында адамдар болушу мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык жөө күлүктөр эл аралык мелдеште 6 медаль утту

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы Азербайжанда өткөн эл аралык турнирден алты медаль жеңип келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады. Маалыматка ылайык, 2023-жылы боло турган Азия оюндарына жөө күлүктөрдү тандоо башталды. Байге ээлери: Рената Сон — күмүш; Сабина Батаджиева — күмүш; Екатерина Павленко — коло; Шахзодбек Садыкжан […]

Сизге жагышы мүмкүн