Жалал-Абадда турак үйлөрдү, көчөлөрдү суу каптап жатат

Автор

Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жаандан улам турак жайлардын короосун суу каптоодо. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда аймакта катуу жаан жаап, анын кесепетинен шаарда жайгашкан ички арыктарга сел суулары толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптоодо деген кабар түшкөн.
Жерине Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Маматкулов баштаган өздүк курам жана шаардык жарандык коргонуу кызматтары тартылып, сел сууларды мотопомпанынын жардамында сордуруп, коопсуз жайга алып чыгуу иштери жүрүүдө.
Кошумча маалымат берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Чабуулдардан улам Пугачева юбилейин достору жок белгиледи

Ырчы Алла Пугачева 75 жылдык мааракесин Ирандын Израилге жасаган чабуулунан улам конокторсуз жана үй-бүлөлүк досторусуз белгиледи. Бул тууралуу «Комсомольская правда» басылмасы жазды. Примадонна балдары жана күйөөсү Максим Галкин менен Кесарияда жашайт. Басылманын маалыматына караганда, Пугачева Израилдеги юбилейине жакындарын жана кесиптештерин чакыргысы келген. Бирок Ирандын чабуулунан улам өлкө бийлиги аба мейкиндигин […]

Сизге жагышы мүмкүн