Европада жарандык жаңжал болжолдонду

Автор

Миграция курсу улана берсе, Европада жарандык согуш сөзсүз болот. Мындай пикирин америкалык ишкер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск британиялык блогер жана саясий баяндамачы Константин Киссиндин билдирүүсүнө жооп берип жатып айтты.
Европанын шаарларында палестиналык Хамас тобунун аракеттерин “миңдеген адамдар майрамдап жатканын” билдирди. Киссиндин айтымында, Европага ушундай пикирде болгондор барган сайын көбөйүүдө жана жакын арада миңдеген «митингчилер» он миңдегенге айланат.
“Эгерде азыркы тенденциялар уланса, Европада жарандык согуш сөзсүз болот”,-деди Маск.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Ата-энесин бакпагандар жаза алат

Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында улгайган ата-энесин багуудан качкан адамдардын жазасын күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Тазабек Икрамов белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуудан качкан эмгекке жөндөмдүү балдардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта болуусун […]

Сизге жагышы мүмкүн