Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маданий иш-чара өтөт

Автор

Бүгүн, 23-июнда Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында КР Баатыры, КР Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Кылым карыткан Чыңгыз Айтматов” аталышындагы маданий агартуу иш- чарасы өтөт.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык фонду тарабынан уюштурулууда.

Көрүүчүлөргө Айтматовдун чыгармаларынын негизинде иштелип чыккан балет-ораториялар сунушталып, дүйнөлүк белгилүү опералар жаңырат.

Маданий иш-чара саат 19:00дө башталмакчы.

Бөлүшүү:
Next Post

«Рулда» рейди: 251 мас айдоочу аныкталды

  13-19-июнь аралыгында жол кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында Кыргызстандын аймагында «Рулда» аталышында рейд өткөрүлүп, 251 мас айдоочу аныкталды.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, ошондой эле 22 миң 240 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Анын ичинен:   — мас абалында унаа башкаргандар 251 айдоочу; […]

Сизге жагышы мүмкүн