Дүйнөдө эң узун жана эң кыска орозо кайсы өлкөлөрдө болууда?

Автор

Дүйнө мусулмандары Рамазан айындагы орозону кармай баштаганына экинчи апта болууда. Бул жылы дүйнөнүн ар кайсы аймактарында күнүмдүк тамак-аштан жана суусундуктан баш тартуунун узактыгы 12 сааттан 18 саатка чейин өзгөрөт.

Акыркы жылдарда түндүк жарым шарда жашаган мусулмандардын күнүмдүк орозосунун узактыгы 2031-жылга чейин азайып, минимумга жетет. Экватордун түштүгүндө жашаган мусулмандар үчүн – тескерисинче болууда.

Быйыл эң узун орозо Гренландия, Исландия, Финляндия, Швеция жана Шотландиянын тургундарына туш келип, алар болжол менен 17 саат орозо кармашууда. Жаңы Зеландия, Австралия, Чили, Уругвай, Түштүк Африка, Парагвай жана Аргентинанын мусулмандары эң кыска орозо кармашат – болжол менен 12 саатка жетүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектепке 1-класска электрондук каттоо 10-апрелде башталат

Биринчи класска мектепке электрондук каттоо ушул жылдын 10-апрелинде эрте менен саат 09:00дө башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этап – жашаган жерине карабастан (26-июндан 31-августка чейин). Электрондук каттоо боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн